«Керемет банктын» төрагасынын орун басары Бакыт Курманбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондусу маалымдады.
Директорлор кеңешинин чечими менен 2020-жылдын 20-ноябрында Бакыт Курмвнбеков ээлеген кызматынан бошотулду.
Маалыматка ылайык, Курманбеков өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал жакында эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу мүчөсү болуп дайындалган.