Кечээ, 4-апрелде “Кыргызалтын” ААКсында акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.
“Кыргызалтын” ААКнын акционерлеринин чечими менен директорлор кеңешинин мүчөсү Нуртазин Жетыбаев шайланды.
“Нуртазин Жетыбаев 1966-жылы 10-октябрда Кара-Балта шаарында туулган. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган”, - деп айтылат маалыматта.
Нуртазин Жетыбаев буга чейин 2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын январына чейин Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.