Январь айында мамлекеттик бюджетке 198.8 млн сом грант түшкөн

05.03.2020, 14:35 Акчабар
Январь айында мамлекеттик бюджетке 198.8 млн сом грант түшкөн

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандын бюджетине 198 млн 844.7 миң сом расмий чет элдик трансферттер катары түшкөн. Бул тууралуу КР Каржы министрлиги билдирди.

Алардын ичинен 80 млн 349.8 миң сом чет мамлекеттеринин өкмөттөрүнөн түшкөн трансферттер, ал эми 118 млн 494.9 миң сом – эл аралык уюмдардын трансферттери. Келген гранттардын баардыгы республикалык казынага түшкөн.

Жергиликтүү бюджеттер 171 млн 894.2 миң сомду тегиздөөчү (163.8 млн сом) жана максаттуу (8 млн сом) трансферттер түрүндө алышты.  

Тэги: мамлекеттик бюджет трансферттер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу