«Билайн» мобилдик байланышты түркиялык жаран жетектемей болду

24.02.2020, 12:45 Акчабар
«Билайн» мобилдик байланышты түркиялык жаран жетектемей болду

Түркиялык  Turkcell уюлдук операторунун мурунку башкы жетекчиси Каан Терзиоглу орусиялык  VEON  телекоммуникациялык холдингинин туунду ишканасы болуп саналаган «Вымпелком» («Билайн») ишканасынын директорлор кеңешин жетектемей болду. Бул тууралуу  islam news  порталы билдирди. 

Түркиянын жогорку класстагы менеджери Turkcell ишканасын акыркы беш жыл аралыгында жетектеп келген. Эми ал мурун Facebook ишканасында төлөмдөр жана коммерциялык кызматташтык бөлүмүндө эмгектенген Серхи Эрреро менен иштешет.

Терзиолу «Вымпелкомго» жаңы башкы жетекчи дайындалмайынча орусиялык бизнестин өнүгүшүнө жооптуу болот.

CEO-VEON холдингинин кош негиздөөчүсүнүн кызматында ал Россия Федерациясынын, Грузиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын рыноктору үчүн жооп берет.

Терзиоглу холдингге акциялардын баасынын төмөндөшүнүн алкагында пайда болгон капиталдаштыруу көйгөйлөрүнүн негизинде келген.

«Вымпелкомдун» мурунку жетекчиси Василь Лацанич маанилүү келишимди үзгүлтүккө учураткандыгы тууралуу айтылган кептердин жана оператордун чекене сегментиндеги сатуулардын түшүп кетүүсүнөн улам мөөнөтүнө чейин кызматынан бошотулган.

VEON ишканасынын эң чоң акционерлеринин бири- «Альфа-групп» ишканасынын ээси Михаил Фридманга таандык LetterOne ишканасы болуп саналат, акцияларынын көлөмү 47,9 пайызды түзөт.  Ошол эле ишкана Терзиоглу  башкарып келген Turkcell ишканасынын дагы эң чоң акционерлеринин бири болуп саналат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу