Кабелдик интернет тартууга мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» орнотулат

13.10.2020, 12:55 Акчабар
Кабелдик интернет тартууга мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» орнотулат

Алыскы аймактарда жайгашкан, кабелдик интернетти алып барууга мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» жабдыгы орнотулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

«Илимбокс» Wi-Fi байланышын тарата алат жана жабдыктын ичинде Билим берүү жана илим министрлигинин бардык билим берүү ресурстары: oku.edu.gov.kg – Билим берүү порталы - электрондук китепканасы - электрондук окуу китептери, ibilim.kg - окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык комплекси, bb.edu.gov.kg/ - бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча 5-9-класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиялык комплекси жана Википедиянын офлайн версиясы, Хан Академиясынын билим берүү ресурстары, Электрондук энциклопедия жайгаштырылган.

 

 

Окуучулар, мугалимдер өздөрүнүн телефон же ноутбуктарына «Илимбокстогу» билим берүү ресурстарын жүктөп алып же ошол порталда окуса болот. Ал үчүн окуучу Wi-Fi сетке туташып, браузерге http://ilim.box дарегин жазуусу керек.

Тэги: Илимбокс кабелдик интернет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу