Өкмөт сертификатталган үрөндөрдү сатып алууга каражат бөлөт

11.03.2024, 09:57 Акчабар
Өкмөт сертификатталган үрөндөрдү сатып алууга каражат бөлөт

Министрлер кабинети 2024-жылдын жазгы айдап себүүсү үчүн сертификатталган үрөндөрдү сатып алууга каражат бөлөт. 

Маалыматка ылайык, мындай чечим жаздык айдап себүүсүн толук камдуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргызстандын үрөн чарбаларына жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү максатында кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө 2024-жылдын жаздык себүүсүнө республиканын үрөнчүлүк чарбалары менен мамлекеттик дотацияга бүгүнкү күндө 10 келишим түзүлдү.

Дотацияга коюлган артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жалпы көлөмү 2348,52 тоннаны түздү. Анын ичинен:

- жаздык буудай 608,0 тонна;
- жаздык арпа 1724,0 тонна;
- беденин үрөнү 16,52 тонна.

Тэги: новости Кыргызстана кабмин МИнсельхоз КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу