Бизнестин Кой-Таштагы абалга карата реакциясы

08.08.2019, 14:42 Акчабар
Бизнестин  Кой-Таштагы абалга карата реакциясы

Кечээ 7-августа Кыргызстандын  мурдагы президени  Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн  Кой-Таш айылында атайын операция жасалып, анда ал чабуул ийгиликсиз аяктаган. Окуядан улам эки тараптан 50 адам жабыр тартып, бир жоокер каза тапты.  «Акчабар» учурдагы абалга байкоо салып кайтты. 

Тынтыктагы «кооптонгон» кырдаал

Тынчтыкка карабай, кооптонуу бар. Буга чейин  «Акчабар»жазгандай  учурда Айчүрөк соода борбору 16.00 жабыларын айткан. Ушул эле маалда,  C.A.T. туристик агентиктердин сактык кассалары жабылууда. 

Боорон алдындагы тынчтыкпы? 

Бишкекти бир айланып чыкканыбызда борбордо соода түйүндөрү менен дарыкана жана дүкөндөр кадыресе режимде иштөөдө. 

Жарым жартылай даярдык...

Бир караганда тынч көрүнгөнү  менен айрым бизнес, жарым-жартылай коргоонууга даярданууда. Алар темир жалюзилерин түшүрүп, коргонууга страт алгандай. 

Горький көчөсүндөгү «Народный» дүкөнү кечээки окуядан улам, эки жылдан бери колдонулбаган темир жалюзини түшүрүп, иштейби деп текшерүүдө. Бирок, иштебей калгандыктан оңдөп жатышат. 

Бирок, бизде суроо:  эмне үчүн бүгүн текшерип баштады?

Бул Бишкектеги эркектердин кымбат кийимдерин саткан жалгыз салон. Ага коңгуроо аркылуу гана кирүүгө болот. Ошол эле учурда, терезелери темир жалюзи менен жабылган. А эмнеге жабык деген сурообузга- реклама жасоо үчүн жабык турат деп билдирди. 

Бей капар жүргөн туристтер 

Ал эми  Ала-Тоо аянтында ысыктан улам эл жок. Бирок, 40 градус ысыкка карабай борбордук аянтта жүргөн туристтердин тобуна жолуктук.  

Коноктор кыргызстанга  Гонконгдон келишкен. «Акчабар»туристтерден Кой-Таштагы абалдан улам, коркпойсуздарбы? деп сурадык. Айрымдары  комментарий берүүдөн баш тартып, жергиликтүү элден сурагыла десе. Бир аял жабыр тарткандарга көңүл айтып чектелди. 

Ушул эле маалда туристтердин тобу экскурсиясын уланты. 

Тэги: Кой-Таш Алмазбек Атамбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу