Салыктык кирешелердин төмөндөшүнүн фонунда жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылчылыгында Кыргызстан чыгымдардын бир бөлүгүн токтотту.
Атап айтканда, айыл чарбасында, отун-энергетикалык комплексинде, тоо-кен өнөр жайында, транспортто жана байланышта экономикалык максаттарга мамлекеттик чыгымдар толугу менен токтотулду.
Муну менен бюджет 2 миллиард 791 миллион 606,6 миң сомду үнөмдөөгө жетишти. Бул каражаттар өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыйла актуалдуу болгон бюджеттин башка тармактарына багытталды.
Мындан тышкары, айлана-чөйрөнү коргоо, маданият, эс алуу жана дин маселелерин чечүүгө бөлүнгөн каражаттар 525 миллион 122,7 миң сомго азайды. Ошол эле учурда саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар 23,3% га, же 3 миллиард 258,3 миллион сомго көбөйгөн.
Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өсүшүнө мугалимдердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларынын жогорулашы дагы өбөлгө болгон.