Камсыздандыруу ишканалары кыргызстандыктарга 2.5 млн доллар төлөгөн

27.02.2020, 15:00 Акчабар
Камсыздандыруу ишканалары кыргызстандыктарга 2.5 млн доллар төлөгөн

2019-жылы республика боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча төлөнгөн каражаттардын көлөмү 180,6 млн сомду же 2,5 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Аталган каражаттар төмөнкү багыттар боюнча төлөнгөн:

  • жеке камсыздандыруу боюнча – 68,4 млн сом;
  • мүлктү камсыздандыруу боюнча – 89,9 млн сом;
  • жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча – 11,9 млн сом;
  • милдеттүү камсыздандыруу боюнча – 10,2 млн сом.

2019-жылы жашоону камсыздандыруу боюнча каражаттар төлөнгөн эмес.

Белгилей кетсек, пайыздык салыштырууда төлөмдөрдүн басымдуу бөлүгүн мүлктү камсыздандыруу ээлеп, ал 50 пайызды түзгөн. Жеке камсыздандыруу 38, жоопкерчиликти камсыздандыруу жана милдеттүү камсыздандыруу 6 пайызды түзгөн.

 

Тэги: камсыздандыруу төлөмдөр ишканала

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу