2019-жылы жарандардын камсыздандыруу компанияларына камсыздандыруу үчүн төлөгөн каражаттарынын көлөмү 1 млрд 332 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.
Аталган каражаттардын ичинен төлөмдөр төмөнкү багыттар боюнча төлөнгөн:
- жеке камсыздандырууга - 179 млн 944 миң сом;
- мүлктү камсыздандыруу боюнча - 844 млн 24 миң сом;
- жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча - 106 млн 828 миң сом;
- милдетүү камсыздандыруу боюнча - 201 млн 917 миң сом;
- өмүрдү камсыздандыруу боюнча - 20 миң сом.
Пайыздык чен менен айтканда, 2019-жылы мүлктү камсыздандыруу- 62.3%, жеке камсыздандыруу - 13.5%, жоопкерчиликти камсыздандыруу - 8%, милдеттүү камсыздандыруунун үлүшү - 15.2% түзгөн.