12 камсыздандыруучу компания 137,8 млн. сом киреше тапкан

18.06.2020, 17:00 Акчабар
12 камсыздандыруучу компания 137,8 млн. сом киреше тапкан

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында 16 компания камсыздандыруу ишмердигин жүргүзгөн. Алар тарабынан 407,6 млн. сом суммасында киреше алынды, бул 2019-ж. январь-мартына салыштырганда 20,2 пайызга көп. Чыгымдар ушул салыштырылып жаткан мезгилде 6,5 пайызга азайып жана 271,3 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты. 

 

 

 

 

2020-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча 12 камсыздандыруучу компаниянын кирешеси - 137,8 млн. сомду түзгөн. Ал эми эки компаниянын кирешеден чыгашасы көп болгон. Жалпысынан  136,3 млн. сом киреше түшкөн. Бул 2019-ж. январь-мартына караганда 2,8 эсеге көп болуп эсептелинет. 

1-апрелге карата 43,7 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлгөн, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 9,1 пайызга аз. Алардын ичинен 36,4 миңи же 83,4 пайызы жеке жактар менен, 16,6 пайызы - юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдер болгон. Муну менен катар түзүлгөн келишимдеринин жалпы саны 56,8 пайызы ыктыярдуу камсыздандырууга, ал эми 43,2 пайызы - милдеттүү камсыздандырууга туура келет. 

Тэги: камсыздандыруу фонду камсыздандыруучу компания киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу