Канатбек Тургунбеков Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал 2020-жылы өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.