“Капитал Банктын” директорлор кеңешинин 28-декабрдагы чечими менен 29-декабрдан тартып директорлор кеңешинин мүчөсү Азамат Чекиров өзүнүн арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Андан тышкары, 30-декабрда “Капитал Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басарлыгына Марина Нукееваны, ал эми башкармалыктын курамына Данияр Жоокаев менен Нурланбек Бакировду дайындоо чечими кабыл алынган.