2020-жылы мамлекеттин тышкы карызы 2019-жылдагыдан эч өзгөрүүсүз бойдон калат. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеңештин «КР 2020 – жылдагы бюджети жана 2021-2022-жылдардагы болжолдуу бюджет» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттин 2019-жылдагы карызы 4,4 млрд долларды түзөт.
Кийинки жылдагы мамлекеттин ички жана тышкы карызы ушул эле бойдон калат деп билдирди.
2019-жылы өлкөнүн ИДПга болгон карызы 55% түзөт, 2020-жылы анын көлөмү 52,5% түшөт, себеби 2020-жылы ИДПнын көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө.
2020-жылы мамлекеттик салып программасы 26 млрд 957,8 млн сомго азаят. Буга чейин МСПнын көлөмү 33,5 млрд сомдон жогору болгон – деп айтты министр Бактыгүл Жээнбаева.