Эми каржы пирамидасын жарнамалагандарга ири өлчөмдө айып пул салынат. Бүгүн президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде каржы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, 150 миңден‒ 200 миңге сомго чейин айып салынат.
Эскерте кетсек, аталган мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.