Казакстан 17-августтан тарта эл аралык каттамдарын жандантат

13.08.2020, 15:47 Акчабар
Казакстан 17-августтан тарта эл аралык каттамдарын жандантат

17-августтан тарта Казакстандан БАЭ, Беларусь, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Россияга эл аралык каттамдар акырындык менен жандана баштайт. Бул тууралуу Kapital.kz бизнес маалымат борборунан кабарлашты.

Бул чечим 2020-жылдын 11-августунда Казакстанда Коронавирустун пайда болушун жана жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынган. Мындай чечим Саламаттыкты сактоо жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлигинин картасында көрсөтүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдын деңгээли боюнча сунуштарын эске алуу менен кабыл алынды.

«Министрлик жогоруда аталган өлкөлөрдүн авиация бийликтери менен биргеликте жүргүнчү рейстерин калыбына келтирүү маселесин чечкен. Ошентип, бул өлкөлөр санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык Казакстан менен каттамдарды жандандырууну колдошкон», - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Россияга учуу үчүн орус тараптан уруксат талап кылынат. Эл аралык каттамдардагы учуулардын саны аба каттамдары боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде жүргүзүлөт жана ар бир каттамдагы аба кемелеринин коммерциялык жүгүнө жараша болот.

Тэги: Казакстан авиа каттам эл аралык каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу