Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келет

25.04.2022, 09:25 Акчабар
Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келет

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелде Бишкекте өтүүчү кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу кечээ, 24-апрелде «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун жолугушуусунда маалым болду.

Ошондой эле алар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасалуучу расмий сапарына карата даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Кожошев жана Султанов жолугушууда "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунун иши менен жеринде таанышып, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаал жөнгө салынгандыгына күбө болушту. Андан тышкары, тараптар ошондой эле «Ак-Тилек» (Кыргызстан) - «Карасу» (Казакстан) өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

 

 

Тэги: Алихан Смаилов Өкмөттөр аралык кеңешме

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу