Коңшу Казакстандын Улуттук банкы май айында валюта базарына 750-800 млн. доллар сатканы жатат. Бул тууралуу “КазТаг” өлкөнүн Улуттук банкына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, апрель айында валюта рыногу орточо туруксуз болгон.
"Анда теңге 0,1%га төмөндөп, 1 доллар 453,21 теңгени түзгөн. Интервенция болгон эмес. Апрель айында Бирдиктүү пенсиялык топтоо фондуна чет элдик валютаны сатып алуу 240 млн. долларды түздү", - деп айтылат маалыматта.