Келерки жылы Соцфонддун профицити 2 млрд сом болору күтүлүүдө

30.10.2023, 13:43 Акчабар
Келерки жылы Соцфонддун профицити 2 млрд сом болору күтүлүүдө

Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети 106 млрд 982 млн сомду түзөт. 

Мекеменин 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоору парламентке жөнөтүлдү. Ага ылайык фонддун чыгашасы 105 млрд 95 млн сом болот. Профицит 1 млрд 886 млн сомдон ашат.

Белгиленгендей, 2024-жылдын бюджетинде киреше чыгашадан ашып, 19,2 млрд сом өлчөмүндө болот. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары чыгашалар боюнча эсептен шекшип, алгач социалдык маселелерди толук чечип, анан бюджетти профицит менен көрсөтүүнү сунушташты.

Алардын айтымында, айлык акы, пенсия, жөлөк пул өлчөмү төмөн болуп, капиталдык курулуштар бүтмөйүн өлкө бюджетинин кирешеси артпайт.

Тэги: Социалдык фонд пенсия жана жөлөкпул жеңилдиктер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу