Кара-Балта тоо-кен комбинатында акционерлер жыйыны болду

29.04.2019, 14:27 Акчабар
Кара-Балта тоо-кен комбинатында акционерлер жыйыны болду

 Кара-Балта тоо -кен  комбинатында акционерлердин кезектеги жыйын болду.Ага жеригиликтүү  эл дагы катышты. 

Талкууга алынган маселенин өзөгүн компаниянын мындан аркы тагдыры турду. Анткени, чийки заттын жоктугунан бул комбинат ишсиз турат. 

«Буга  чейин Казахстан аркылуу чийки заттар келип турчу. 2015-жылы аларда өндүрүштөн жетишпей бизге жөнөтуп турушчу.  Эми 2015-жылдан бери  өздөрүнө  керектүү  кубаттуулуктагы  комбинат курушуп, чийки заттарды жөнөтпөй калышты.  Ар бир мамлдекет үчүн киреше, салык жана социалдык төлөм  мамлекеттин ичинде калганы пайдалуу. Бизге комбинатты кармоо үчүн чийки зат керек. Эгерде азыр 200 киши иштесе, кийин толук иш болгондо 500 киши иштемек», – деп билдирди Кара-Балта тоо-кен комбинатынын  жетекчиси Андрей Акимов.

Учурда комбинат оор кундү башынан өткөрүүдө. Акционерлердин милдети комбинатты банкротко жеткирбөө.

«Комбинаттын аймагында көп ишканалар жайгашкан. Алсак, Кыргызстанда баардык алтындарга мөөр баскан борбордук-аналитикалык лаборатория бар. Эгерден комбинат банкрот деп жарыяланса, анда бул лаборатория да ишсиз калат. Ошондуктан, баалуу металлдарды реализация токтоп калат.

Мындан тышкары радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жай бар. Анда Чүй областында экологиялык коопсуздукту сактоо үчүн ар квартал сайын аракеттер көрүлүп турат. Эгерде каражат салынбаса, анда калдык сактоочу жайдын тагдыры күмөндүү», –деп билдирди Андрей  Акимов.

Тэги: КГРК уран урановое месторождение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу