Кочкор-Атада 57 млн сомго төрөт үй салынды

18.05.2023, 16:25 Акчабар
Кочкор-Атада 57 млн сомго төрөт үй салынды

Жалал-Абаддагы Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында 57 млн. сомго төрөт үй курулду. Ал 50 орунга ылайыкталган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, төрөт үйдүн курулушуна Кочкор-Ата шаарынын бюджетинен 37 млн. сом жана Каржы министрлигинен 20 млн. сом бөлүнгөн. 

Курулуш иштери 2021-жылы башталып, аны Ноокен районунун өнүктүрүү фонду ишке ашырды. Бүгүнкү күндө курулуш бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Төрөт үйү Кочкор-Ата, Момбеков, Бүргөндү жана Достук айыл аймактарына кызмат көрсөтөт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу