Турак жай-курулуш департаментинин Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мектеп курууга тендер жарыялады. Департамент Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине карайт.
Жаңы мектеп Кочкор районундагы Кара-Суу айылында курулары мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Аталган мектеп 375 окуучуга ылайыкташтырылып курулат. Тендердин суммасы 126 млн 582 миң 708 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 3-ноябрь.