Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында тигүүчүлөрдүн саны 6 миңди түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 44% төмөндөгөн. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.
Анын айтымында, бул тармактагы салыктардын көлөмү 39 млн сомду түзгөн.
«10 ай ичинде тигүүчүлөрдүн саны 6 миңге чейин кыскарды. Муну менен катар салыктын көлөмү дагы төмөндөдү. Эгерде 2019-жылы 39 млн сомду түзсө, 2020-жылы - 26.7 млн сомду түздү», — деп билдирди Абдалиев.