Коммерциялык банктар эки жума ичинде 86.3 млн сом насыя берүүсү керек

09.09.2020, 15:00 Акчабар
Коммерциялык банктар эки жума ичинде 86.3 млн сом насыя берүүсү керек

4-сентябрга карата республикадагы коммерциялык банктар тарабынан «Ишкердик субъектилерди каржылоо» программасы аркылуу 1 млрд 348 млн 605 миң сом жеңилдетилген насыя беришкен. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги маалымдады. 

Эске сала кетсек, бул программанын алкагында 10 коммерциялык банктарга 1 млрд 435 млн сом бөлүнгөн. 

«Программанын шартына жана финансы министрлиги жана коммерциялык банктардын ортосунда түзүлгөн жобого ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында биринчи трашты иштеп чыгуу мөөнөтү аяктайт. Эгерде тийиштүү мөөнөткө чейин калган каражаттар иштетилбесе банктар кайрадан кайтарып берүүгө тийиштүү», — деп билдиришти министрликтен. 

 

Муну менен катар финансы-насыя уюмдар 86 млн 395 млн сом боюнча дагы отчет берүулөрү керек. 

 

Эске сала кетсек, жеңилдетилген насыяларды 968 ишкер алган. 

Тэги: каражат насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу