Апрель айынын экинчи жумасында компаниялар фондулук рынокто 2,3 миллион сом чогултушкандыгын Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Алгачкы рынокто баалуу кагаздарды жайгаштырууну АЧК "Отал Капитал", ААК МФК "Салым Финанс" жана ЖЧК "Баркад" баш болгон үч компания жүргүзгөн.
"Отал Капитал" ачык акционердик коому кошумча чыгарылган акцияларды 1,1 миллион сомго, кагазына 100 сомдон сатуу менен башкаларга караганда көбүрөөк, "Салым Финанс" жана "Баркад" компаниялары ар бири 600 миң сомдон тартты.
"Бул компаниялар корпоративдик облигацияларды жайгаштырууну улантууда. Төрт айдын ичинде эле "Салым Финанс" чыгарылган облигациялардын 30% сатууга жетишти. Күзүндө баалуу кагаздар базарына өткөн жуманын аягында облигациялардын 1-чыгарылышы менен чыккан "Баркад" өндүрүш компаниясы эмиссиянын 85% облигациясын жайгаштырган ", - деп түшүндүрүштү фондулук биржадагылар.