Сауд Аравиясынын королу Кыргызстанга расмий иш сапары менен чакырылды

15.06.2021, 15:01 Акчабар
Сауд Аравиясынын королу Кыргызстанга расмий иш сапары менен чакырылды

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы телефон сүйлөшүүсү тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана анын өнүгүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча талкуу жүрдү.

Король Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын элдеринин кызыкчылыктарын канааттандырган биргелешкен өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Тэги: Садыр Жапаров Саудовская Аравия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу