Кожошев жана Глазьев Евразиялык экономикалык форумдун уюштурулушун талкуулады

13.02.2022, 10:13 Акчабар
Кожошев жана Глазьев Евразиялык экономикалык форумдун уюштурулушун талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын министри, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында өтүүчү Евразия экономикалык форумун уюштуруу маселелерин талкуулады. 

Кожошев Евразия экономикалык форумунун күн тартибине киргизүү боюнча Кыргызстандын сунуштарын айтып, ошондой эле бул иш-чара кандай уюштурулушу керектиги боюнча өзүнүн көз карашын билдирди.

Өз кезегинде, Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастап, Евразиялык экономикалык форум алгач ирет өтүп жаткандыгын жана аны тийиштүү деңгээлде өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу