Быйыл Кыргызстанда электр энергиясын колдонгон 300 миң абонентке акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу«Кабар»агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.
«Жалпы электр энергиясын колдонгон 1 млн 450 миң абонент бар. Алардын 215 миңине акылдуу эсептегичтер орнотулган. Эсептегичтер 2013-жылдан бери коюла баштаган. Алардын басымдуу бөлүгү«Түндүк электр» ишканасынын абоненттерине коюлган. Быйыл 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат. 2024-жылга карата акылдуу эсептегичтер баардык абоненттерге коюлат», -деди ал.
Ал абоненттер 2 категорияга бөлүнөрүн айтып, биринчиси электр энергиясын күнүмдүк колдонгон жарандар болсо, экинчиси – ишкана, мекемелер.
«Акылдуу эсептегичтер биринчи кезекте ишкана-мекемелерге жана үч фаза, электр энергиясын ашыкча колдонгон абоненттерге коюлат», - деди ал.
Анын айтымында, мекеме-ишканалар эсептегичтерди өздөрү орнотот. Ал эми катардагы жарандарга эсептегичтерди сүйлөшүү, келишим аркылуу орнотуу каралууда. Маселен, эгер абонент эсептегичти өз каражатына орнотсо, ага чыгымы электр энергиясы менен кайтарылат.