Жакында кыргызстандыктар eID-карталарды 44 чет өлкөлүк мекемелерден ала алышат

12.03.2021, 11:15 Акчабар
Жакында кыргызстандыктар eID-карталарды 44 чет өлкөлүк мекемелерден ала алышат

Жакында кыргызстандыктар eID-карталарды 44 чет өлкөлүк мекемелерден ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

 

Белгиленгендей, президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында, андан тышкары, КРнын өкмөтүнүн кабыл алынган чечимине ылайык, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде идентификациялык картаны - КР жаранынын 2017-жылдагы үлгүдөгү паспортторду (ID-карта) берүүгө документтерди кабыл алууга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу документтерди кабыл ала баштайт.

Документтештирүүнүн мөөнөтүн кыскартуу жана чет өлкөдөгү жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүү максатында МКК чет өлкөдөгү 44 мекемеде «Паспорт», «Жарандык абалы тууралуу» жана «Жарандык» боюнча автоматташтырылган маалымат тутумун ишке киргизген.

Азыркы учурда чет өлкөдөгү мекемелерде ID-картага документтерди бере баштоо үчүн «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан автоматташтырылган маалымат тутуму арыз ээсинин дарегин каттоо бөлүгүндө «Паспорт» жана «Консулдук эсепке алуу» тутумун интеграциялаган.

Эскерте кетсек, Россия, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар ID-карта менен чек арадан өтө алышат.

Тэги: eID-карталар мекемелер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу