Кыргызстан Канттагы Россиянын аскер базасы боюнча протоколду ратификациялады

23.06.2020, 09:30 Акчабар
Кыргызстан Канттагы Россиянын аскер базасы боюнча протоколду ратификациялады

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргызстандын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу эки өлкө  ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

Мыйзам 2020-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Протокол 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргызстандын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууда (мындан ары — Макулдашуу) белгиленген өлчөмдөрдөн иш жүзүндө ээлеген аянттардын ашып кетишинин аныкталышына байланыштуу 2016 жана 2017-жылдары россиялык тарап менен биргеликте Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн россиялык тарап ижарага алган жер участокторун топографиялык сүрөткө тартуунун жыйынтыгы боюнча даярдалган.

2012-жылдагы Макулдашууга ылайык, россиялык тарап ижарага алган жер участокторунун аянты 866,2 гектарды түзөт. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча россиялык тарап иш жүзүндө колдонгон аянт 924,52 гектарды түздү, мында Макулдашууда көрсөтүлгөндөн 58,32 гектарга көп жер аянты пайдаланылган.

Протокол күчүнө киргенден кийин тараптар Россия Федерациясы иш жүзүндө пайдаланган жер участокторунун аянттары үчүн ижара акысын Кыргыз Республикасына 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап төлөө боюнча ишти уюштурушат.

Протоколдун алкагында россиялык тараптын каражатынын негизинде Учуп-конуу тилкесин (УКТ) реконструкциялоо пландаштырылган. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бул объектилер кыргыз тарапка кайтарылат. Мындан тышкары УКТ объектилери биргелешип пайдалануучу объектилердин тизмесине киргизилген.

Тараптардын мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагына учкучсуз учуучу аппараттарды (мындан ары — УУА) колдонуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында россия тараптын россиялык авиациялык базага УУАларды жайгаштыруусу пландаштырууда.

Мында Протоколго кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин тараптар УУА колдонуунун тартибин аныктоочу ведомстволор аралык документке кол коюшат.

Тэги: президент протокол Орусия ратификация Жогорку Кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу