Кыргызстан Кореядан «Санарип парламент» долбоорун ишке ашырууга жардам сурады

28.04.2021, 11:30 Акчабар
Кыргызстан Кореядан «Санарип парламент» долбоорун ишке ашырууга жардам сурады

Кыргызстан Кореяга кызматташтык планын биргелешип ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу парламент спикери Талант Мамытовдун Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Тараптар Кореяга экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын, анын ичинде бал жана кургатылган жемиштерди жеткирүү маселесин талкуулашты. Мындан тышкары, төрага Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун реформалоонун алкагында автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын программалык камсыздоосун өркүндөтүү, ошондой эле "Санарип парламент" долбоорун биргелешип ишке ашыруу темасына токтолду.

Түштүк Кореянын элчиси сөз болгон долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, эки өлкөнүн тыгыз өз ара аракеттенүүсү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү колдоду.

 

Тэги: Жогорку Кенеш Южная Корея

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу