Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы индекс боюнча Кыргызстан эң начар 30 өлкөнүн катарына кирди

12.11.2020, 14:36 Акчабар
Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы индекс боюнча Кыргызстан эң начар 30 өлкөнүн катарына кирди

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы индекс боюнча Кыргызстан Кытайдан гана ашып түштү. Индекс Базель мамлекеттик башкаруу институту тарабынан даярдалган.

Эң натыйжалуу 10 өлкөнүн катарына Эстония, Андорра, Финляндия, Болгария, Кук аралдары, Норвегия, Жаңы Зеландия, Швеция, Словения жана Дания кирди.

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу коркунучу жогору болгон он өлкөнүн катарында Йемен, Кения, Сенегал, Сьерра-Леоне, Кайман аралдары, Мозамбик, Лаос, Мьянма, Гаити жана Ооганстан бар.

Бирок Казакстан Молдова, Жапония, Украина, Азербайжан жана Орусияга караганда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүүдө эффективдүү.

Базель мамлекеттик башкаруу институту - расмий жана ачык булактарга, эксперттердин корутундуларына таянып, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы индекстер боюнча отчетторду жарыялаган, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча мыйзамсыз каржы агымдарын талдаган эл аралык уюм.

Тэги: отмывание индекс отчет анализ экономика рейтинги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу