Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен 88 – орунда турат

29.11.2019, 13:15 Акчабар
Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен 88 – орунда турат

Legatum Prosperity Index — 2019 жүргүзгөн өнүккөн өлкө боюнча глобалдык рейтингдин жыйынтыгы менен, Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен, 88-орунду ээлеген. Бул тууралуу эл аралык сурамжылоо Legatum Institute уюму билдирет. 

Рейтинг өлкөнүн экономика, ишкерлик, башкаруу, билим, саламаттыкты  сактоо, коопсуздук, жеке эркиндик, социалдык капитал, жаратылыш тармактарын өнүгүү шарттарынын негизинде жүргүзүлгөн. 

Кыргызстандагы социалдык капитал жана жаратылыш шарттары гана эң жогорку көрсөткүчтү берген.  Ал эми  рынок мүмкүнчүлүктөр жана инфраструктура эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон. Он жыл мурунку жыйынтык менен салыштырып караганда, социалдык капиталдын өскөнү байкалат. 

2009-жылдан тарта КР 18 тармак жакшы өсүшкө ээ болду. 

Тизмектин алдыңкы ордун Дания, Норвегия, Швейцария ээлесе, ал эми Орто Африка Республикасы, Йемен рейтингдин акырында орун алды. 


 

Тэги: глобальный рейтинг процветающие страны

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу