Фермерлерге 4 млрддан ашык жеңилдетилген насыя берилди

11.07.2019, 09:18 Акчабар
Фермерлерге 4 млрддан ашык жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын колдоо– 7» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө фермерлерге 9 612 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралууу Финансы министрлиги билдирүүдө. 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтары боюнча, 2019-жылдын 4-июлуна карата «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4 млрд 599,2 млн сомго 9 612 жеңилдетилген насыя берилди.

«Анын ичинен дыйканчылыкка 1 млрд 22,6 млн сомго 2 688 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка – 2 млрд 578,3 млн сомго 6 667 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө – 998,3 млн сомго 257 жеңилдетилген насыя берилди»,-деп жазылган маалыматта.

 

Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары дыйканчылык, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилет. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу