«Айлананын баары фейк» –ири бизнес социалдык тармактан баш тарты

10.04.2019, 11:30 Акчабар
«Айлананын баары фейк» –ири бизнес социалдык тармактан баш тарты

Виртуалдык сүйлөшүүдөн  көңүлү калган бизнес. Эми ири бизнес соцтармактан кол үздү деп жазды DEITA.RU.

«Британдардын  Lush ири косметика чыгарган компаниясы виртуалдык сүйлөшүүдөн тажаган. Алар Instagram  аккаунтунда бренд соцтармактан такыр баш тартып, баардык баракчаларын өчүрүп, чыгып жатканын» басылма жазып чыкты.  

Ошентип, косметика чыгарган компания  виртуалдык эмес, чыныгы байланышка артыкчылык берерин айтышкан. Эми компаниянын  расмий сайты жана телефон аркылуу  кадыресе байланышса болот.

Lush өкүлдөрү кардарлар менен «реалдуу сүйлөшүүнү каалаганын» билдиришти.

Ал эми социалдык түйүн аркылуу катталган кардарлары албетте нааразычылыгын билдиришти. Алтургай алар  Lush компаниясы  «өткөн кылымга кайткан» жана «алдамчы» катары сыпаттап чыгышты. Айрым колдонуучулар компанияны  чечкиндүү  кадамга барганын жактыргандар дагы болду.  

Эскерте кетели, ал эми американын Lush бөлүмү социалдык тармактагы  аккаунтунан баш тарткан жок. 

Тэги: экономика бизнес соцсети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу