Кыргызстандагы эң ири цемент заводу август айында ишке кирет

27.03.2024, 10:09 Акчабар
Кыргызстандагы эң ири цемент заводу август айында ишке кирет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен заманбап технологияларды колдонуп иштей турган өлкөдөгү эң ири "Терек-Таш" ишканасынын цемент заводунун курулушу менен таанышты.

Аталган фонд буга чейин цемент заводунун курулушуна 45 миллион доллар бөлгөн. Бүгүнкү күндө иштин 85%ы бүткөрүлдү, ачылышы ушул жылдын август айына пландалууда.

"Цемент өндүрүүдө Бишкек ЖЭБинин күл төгүлгөн жерлери кайра иштетилип, борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга жардам берет. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,7 миллион тоннага чейин цементти түзөт. Долбоордун алкагында 450 адам иш менен камсыз болот”, - дейт КОӨФ жетекчиси Артем Новиков.

Белгилеп кетсек, өндүрүш калдыксыз болот.

Тэги: новости Кыргызстана терек таш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу