«Күйүүчү майды аткезчилик жол менен эч ким ташыбайт болчу, эгерде колдоочулары «ак үй» же «көк үйдө» отурбаса», - деп билдирди бүгүн, 11-ноябрда депутат Сайдулла Нышанов ЖК бюджет жана каржы комитетинин жыйынында.
Эл өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары дагы үлүштө отурушу мүмкүн.
«Менде бул жаатта тажрыйба бар», - деп билдирди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттан «Сиздеги тажрыйба күйүүчү майды аткезчилик жол менен ташуудабы же тескерисинче аны менен күрөшүүдөбү?» - деп сурады.
Өкмөт башчы эми Казакстандан күйүүчү май ташылып келбесин билдирди.