2-февралга карата күйүүчү майдын баалары тууралуу маалымат

02.02.2021, 11:00 Акчабар
2-февралга карата күйүүчү майдын баалары тууралуу маалымат

Ири май куюучу жайлар боюнча  сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 2-февраль күнү, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы эч өзгөрүүсүз бойдон калды. 

 

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 37, 05 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 37, 4 сомго, суюлтулган газ - 24, 95 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 36, 6 сомду, АИ-95 - 38, 3 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 45, 5 сом менен жана Bishkek Petroleum 49, 9 сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 36, 9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

- «Партнер Нефть» - 24, 9 сом менен;
- Bishkek Petroleum - 24, 5 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен  (Бишкектеги үч май куюучу жай). 

Тэги: АИ - 92 күйүүчү май

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу