2019 - жылы Кыргызстанга 972,9 миң тонна мунай заттары импорттолуп келген. Бул тууралуу Кыргызстандын мунай сатуучулар Ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, импорттолуп келген жалпы мунай азыктарынын ичинен 453,8 миң тонна - бензин, 519,1 миң тонна - дизелдик күйүүчү май болгон.
«Күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү Россия Федерациясынан келет. РФ келген мунай заттары атайын салымдардан бошотулган. Орусия тараптан берилген бул жеңилдик, Кыргызстандын колдонуучуларына 2019-жылы 27,2 млн $ чейин жеңилдик алып келген», - деп билдирет Ассоциациядан.