Кумтөрдө кен казуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ЖАК «Кумтөр Голд Компаниянын» өкүлү Марина Гаврилова билдирди.
«Тоо-кен иштери жана жардыруу, мамлекеттик органдардан керектүү уруксат кагаздарын алуу үчүн убактылуу токтотулду. Ал эми кен казуунун башка тутумдары штаттык режимде иш алып барып жатышат», - деп билдирди Гаврилова.
2020-жылдын 1-январында ЖАК Кумтөр Голд Компаниянын» жетекчиси Деон Баденхордун чыгарган чечиминде, 2020-жылдагы тоо-кен иштетүүгө уруксат кагаздардын бериле электигине байланыштуу ишти убактылуу токто туруу керек экендиги жазылган.