Күзгү-кышкы мезгилге өтүү даярдыгы графикке ылайык жүрүүдө - Мэрия

30.07.2020, 14:30 Акчабар
Күзгү-кышкы мезгилге өтүү даярдыгы графикке ылайык жүрүүдө - Мэрия

Борбор калаа Турак жай коммуналдык чарбасы боюнча вице-мэр Мирлан Амантуровдун жетекчилиги алдында күзгү-кышкы мезгилине даярдануу жана өтүү боюнча иштерди алып барууну улантууда. Бул тууралуу шаардын башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Баардык иштер графикке ылайык жүрүп жаткандыгы айтылууда.

Вице-мэр билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык мекемелерге өзгөчө көңүл бурду. Ал оңдоп-түздөө иштерин өз убагында бүтүрүүнү тапшырды. Шаардык каржылык башкаруунун жетекчиси Үмүтжан Аманбаевге оңдоп-түздөө иштерине жана күзгү-кышкы мезгилге өтүүгө каралган каражаттарды бөлүп берүү тапшырылды.

Мэрия эске салгандай, мектептердин жана бала-бакчалардын ремонту Бишкек шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча жүрүүдө.  Бул жылы баардыгы 54 төрт билим берүү аймагын калыбына келтирүү пландалууда, анын ичине 38 мектеп, 14 бала бакча жана 2 балдар чыгармачылыгынын борбору кирет.  

Тэги: күзгү-кышкы мезгил Бишкек мэриясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу