Ошто курулуш компаниясы медицина тармагын колдоо иретинде 1,5 млн сом которду

28.07.2020, 11:45 Акчабар
Ошто курулуш компаниясы медицина тармагын колдоо иретинде 1,5 млн сом которду

«Эмаком» курулуш компаниясы коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 1,5 млн сом которду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Билдирүүгө караганда, аталган компаниянын директору Мелис Жусупов буга чейин 2 бөлмөлүү батирди сатып, акчасы медицина тармагын колдоого жумшала турганын билдирген.

«Колдон келген жардамыбызды беребиз. Четте карап турбайбыз. Бул илдетти биргеликте гана жеңебиз. 2 бөлмөлүү батирдин акчасын котордук», - деп билдирген Жусупов.

Компаниянын жетекчилигин шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.

Тэги: Эмаком курулуш компаниясы млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу