Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жазгы үрөнү 83,3%га камсыздалды

11.01.2024, 17:14 Акчабар
Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жазгы үрөнү 83,3%га камсыздалды

Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жазгы үрөнү 83,3%га камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын жазгы себүүсүнө жалпы 67,2 миң тонна үрөн керектелсе, анын 56 миң тоннасы топтолду. 

Жетпеген үрөндөр Орусиядан келген үрөндөр менен жана дотация системасы аркылуу камсыздалат, анткени дотация системасы аркылуу 2020-2023 жылдары 30 пайыз арзан баада 7,7 миңден ашык дыйкан 10 миң тонна үрөн алышкан. Учурда жалпы аянттын 30%ын ата-мекендик сорттор ээлейт.

"Үрөн чарбалар сертификатталган үрөндөргө болгон жалпы муктаждыктын 15-20% өндүрөт. Бүгүнкү күндө 50% жүгөрү, 100% кант кызылчасынын үрөнү жана 90%дан ашык жашылча үрөнү импорттолот", - деп айтылат маалыматта.

 

Тэги: кылкандуу дан эгин үрөн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу