24-февралда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев Грузиянын элчиси Зураб Абашидзе менен жолугушту. Бул тууралуу аталган палатанын басма сөз кызматы кабарлады.
Тараптар Кыргызстан менен Грузиянын соода-экономикалык кызматташтыгынын келечектеги перспективаларын талкуулашты. Бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 75 млн доллардан ашат.
«Мен Грузия жана Кыргызстандын ишканлары катышкан бизнес-форумун өткөрүүнү сунуштайт элем. Биз кыргызстандык бизнестин талаптарын изилдөөнү каалайбыз»,-деди ал.
Өз кезегинде М. Шаршекеев туристтик операторлор ортосунда байланыш түзүү менен эки тараптык кызматташууну активдештирүүнү баштоону сунуштады.
«Биз Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болгон туристтик операторлордон турган бизнес-делегациясын түзүп баштайбыз, алар Грузияга барып, туристтик потенциалын изилдеп, маршруттарды түзүшөт. Биздин ишканалар грузиялык кесиптештерине Кыргыз Республикасына болгон турларды сунуштай алышат».
Ошондой эле маалымата айтылгандай, эки тараптык кызматташуунун активдештирүүсү соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын экономиканын дээрлик баардык тармактарында, анын ичинде Грузиянын IT-тармагында, мамлекеттик башкаруу системасында жана калкка тейлөө көрсөтүүдө ишмердүүлүгүн пайда кылат.