"Кыргызсериал»" чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси сериалдар үчүн кино тартуу жана жарык берүүчү жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.
Тендердин баасы 10 миллион 45 миң сомду түзөт.
Бул суммага кино жана камералык жабдууларды, жарык берүүчү приборлорду, ошондой эле видеомонтаждоо үчүн жабдууларды алуу пландалууда.