2019 - жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн жер - жемиш жана козу карындардын көлөмү 5 миң 567,1 тоннаны түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, декабрь айында 389,9 тонна жер-жемиш өндүрүлгөн, ал эми 2018 - жылы 290,3 тоннаны түзгөн.
2018 - жылы жалпы жонунан 3,2 миң тонна жер-жемиш жана козу карын өндүрүлгөн.