Борбор калаада түнкүсүн 0...2, күндүзү 8...10 градус жылуу болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн 2...4, күндүзү 10...12 градуска чейин жылыйт.
10-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектерине туман түшүп, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.