Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда жыгач жана жыгач материалдарын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары жыгач жана жыгач материалдарын экспорттоону чектөө алты ай күчүндө болот.
Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына аталган товарларды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Жыгач жана жыгач материалдарын экспорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуу былтыр август айында киргизилген.