Кыргызстан боюнча 400 миң наристе бала бакчага бара албайт

27.01.2020, 10:45 Акчабар
Кыргызстан боюнча 400 миң наристе бала бакчага бара албайт

Кыргызстанда 400 миң бала бала бакчаларга бара албайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «КР мамлекеттик органдарынын ишинин ачыктыгын арттыруудагы мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин орду» аталышындагы жыл сайын өткөрүлүүчү конференцияда билдирди.

Ал белгилегендей, учурда мектептердин жетишсиздиги боюнча да маселе бар. Ал, топурактан тургузулуп азыркыга чейин балдар билим алып жаткан мектептер бар экенин айтты.

Ошондой эле Абылгазиев, ооруканалардын саны да жетишсиз экенин, башка аймактарда шарттар жок болгондуктан жарандар Бишкек менен Ош шаарларына келерин билдирди.

«Эки жыл ичинде 200дөн ашык мектеп жана бала бакча салынды. 2018-жылы – 95 мектеп. 2019-жылы 162 объект салынып, анын ичинде 133ү мектеп болсо, 29у – бала бакча», - деди ал.

 

 

Тэги: Кыргызстан бала бакча Өкмөт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу