Кыргызстан дүйнөлүк изилдөөдө чет элдик жардамды элиталарга гана жумшаган өлкө катары аныкталды

20.02.2020, 13:00 Акчабар
Кыргызстан дүйнөлүк изилдөөдө чет элдик жардамды элиталарга гана жумшаган өлкө катары аныкталды

Эл аралык экономисттердин «Чет элдик жардамды элиталарга ыйгаруу. Офшордук эсеп күбөлүгү» аттуу изилдөөгө Кыргызстан дагы  кирген. Бул тууралуу документ Дүйнөлүк банктын расмий сайтында жайгаштырылган.

BBC кабарлагандай, үч экономист, алардын бири Дүйнөлүк банкта эмгектенет, былтыркы изилдөө тууралуу өз тыянактарын чыгарып, аларды банкка талкууга жана чыгарууга жөнөтүшкөн. «Ноябрь айына баардыгы даяр болгон.  Бирок дүйнө жүзү бул тууралуу февраль айында гана билди, болгондо дагы чырдуу жагдайларда: бул тууралуу батыштын эки чоң басылмасы жазып чыккан, адардын бири - Economist  публикациянын жоктугун Дүйнөлүк банктын башкы экономисти Пенни Голдбергдин кызматтан кетишине байланыштырган, ал аталган кызматта бир жарым жылдай гана иштеген.

Басма сөз каражаттарындагы ызы-чуу таасир бергениненби, айтоор документтин иштелип бүтө элек вариантын анын авторлорунун бири «банктын макулдашуусу менен» деп жарыялаган, ал эми андан соң Дүйнөлүк банк аны өзүнүн расмий сайтына чыгарган.

«Кедей өлкө жолдорду оңдоого, суу түтүктөрүн курууга же коррупция менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банктын жардамын алгандан соң дароо эле сыйкыр пайда болот: андан валюталар сызылып чыга баштайт. Экономисттер ал түз эле офшорлорго (салык өтө төмөн, же жокко эсе, эсеп-кысап документтерин катуу талап кылбаган финансылык борборлор) кетерин аныктап, баардык варианттарды анализдөөдөн кийин эң чындыкка окшогон тыянакка келишкен: жардамдын бир бөлүгүн бийликте тургандар уурдашат. Кедей  өлкөлөрдө – орточо эсеп менен 7,5 пайыз, ал эми   жакыр өлкөлөрдө эки эсе көп – 15 пайызга чейин», - деп жазат ВВС.

Изилдөөгө 22 өлкө кирген: Кыргызстан, Армения, Афганистан, Буркина-Фасо, Бурунди, Гана, Гайана, Гвинея-Бисау, Замбия, Мавритания, Мадагаскар, Мозамбик, Малави, Мали, Нигер, Руанда, Сан-Томе жана Принсипи, Сьерра-Леоне, Танзания, Уганда, Эритрея жана Эфиопия.

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү бонча координациялык кеңешинин маалыматы боюнча, Кыргызстан 1992-жылы Дүйнөлүк банктын мүчөсү болгондон бери ага 1,6 млрддан ашуун каржылык жардам көрсөтүлгөн.

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу